Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 22-сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 186
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Терек орто мектебинин чатырын алмаштырып, үстүн жабууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Ак-Терек айыл тургндарынын жана Ак-Терек орто мектебинин жамаатынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 3-1 токтомуна ылайык жана депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 22-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин чатырын алмаштырып, үстүн жабууга айыл өкмөтүнүн салымы катары жалпы долбоордун наркынын 20%ын же 489 667(төрт жүз сексен тогуз миң алты жүз алтымыш жети ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы сарпталуучу акча каражатын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |