Загрузка документа…
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кѳк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XVI сессиясы
2016-жылдын 17-июлу № 16/1
Көк-Жар орто мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры Т. Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндө
Көк-Жар орто мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры Т. Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндөгү Көк-Жар орто мектебинин эмгек жамаатынын өтүнүчүн карап жана талкуулап Көк-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар орто мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры Т. Усубалиевдин ысымын берүү жөнүндөгү Көк-Жар орто мектебинин эмгек жамаатынын өтүнүчү канааттандырылсын жана Көк-Жар орто мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры Т. Усубалиевдин ысымы берилсин.
2. Көк-Жар орто мектеби мындан ары, “Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев атындагы Көк-Жар орто мектеби “ деп аталсын.
3. Көк-Жар орто мектебине тийиштүү мөөр, штамп жана башка документтерди “ Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев атындагы Көк-Жар орто мектеби” деп өзгөртүү жагы мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыракунов |