Загрузка документа…
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кѳк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XVI сессиясы
2016-жылдын 17-июлу № 16/2
Айылдын жаштарына эс алуу жана ден соолукту чыңдоо борборун уюштуруу жана куруу үчун жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү Көк-Жар айылынын жаштарынын өтүнүчү жөнүндө
Айылдын жаштарына эс алуу жана ден соолуктуу чыңдоо борборун уюштуруу жана куруу үчүн жер тилкесин бөлуп берүү жөнундөгү Көк-Жар айылынын жаштарынын өтүнүчүн карап жана талкуулап Көк-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын жаштарына эс алуу жана ден соолукту чыңдоо борборун уюштуруу жана куруу жонүндөгү айылдын жаштарынын өтүнүчү канааттандырылсын жана Көк-Жар айыл аймагынын карамагындагы” курулуш короосунан” жаштар борборун куруу үчүн 1,0 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жаштар борбору үчүн жер аянтын чектеп айылдын жаштар уюмуна өткөрүп берүү жана борбордун курулушун көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы Ж. Сабыржановго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кадыракунов |