Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 25-сессиясы
2015-жылдын 12-октябры № 191
Айыл өкмөтүнүн аймагында мал ылаңдарына каршы иш алып барууда ветеринария жана «Салам-Алик вет.сервисинин» иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Алибековдун билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык мал ылаңдарга каршы эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Алибековдун маалыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал ылаңдарга каршы эмдөө иштерин жүргүзүү жана Салам-Алик ветсервисинин иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Алибековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин айыл, мал чарбасы тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |