Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 25-сессиясы
2015-жылдын 12-октябры № 194
Салам-Алик айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Беков Төрөбайга Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Терек айылынын тургуну Беков Төрөбайга «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ак-Терек айылынын 2015-жылдын 4-апрелиндеги № 1 элдик жыйынын токтомуна ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу жана мамлекеттик финансы тармагында көп жылдык эмгегин эске алып, Ак-Терек айылынын тургуну Беков Төрөбайга Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |