Редакцияот 12.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 21-сессиясы

 

2015-жылдын 12-октябры № 195

Салам-Алик айыл аймагына караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Токтахунова Бусайра Торокуловнага Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Салам-Алик айылынын тургуну Токтахунова Бусайра Торокуловнага «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Салам-Алик айылынын 2015-жылдын 26-июнундагы № 12 « Салам-Алик № 23 дарыгерлер тобунун» жыйынын токтомуна ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеёешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу жана медицина тармагында көп жылдык эмгегин эске алып, Салам-Алик айылынын тургуну Токтахунова Бусайра Торокуловнага Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеёешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Таштемиров