Редакцияот 12.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 25-сессиясы

 

2015-жылдын 12-октябры № 196

Салам-Алик айылынын ичиндеги калктуу конуштардын жер участкаларын кеңейтүү жөнүндө

Жер мыйзамдарына ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Р.Сатыбалдыевдин сунушуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айылынын калктуу конуштарынын аянтын кеңейтүү максатында айылдагы эски май куйуучу жер аянтын турак жай салуу үчүн айылдын башкы планына киргизилсин.

2. Башкы пландын тийиштүү документтерин жасоо Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Таштемиров