Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 198
Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин аянтынан бала бакчанын курулушу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Жер кодексинин № 27 беренесине ылайык Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин ээлеп турган аянтынан бала бакчанын курулушу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты Айтбаев Мамрасулдун маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин ээлеп турган аянтынан бала бакчанын курулушу үчүн 0,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана керектүү архитектуралык, мамлекеттик каттоо жагын иш кагаздарын бүтүрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |