Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 200
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы талаа канаттууларына, жан-жаныбарларына атууга уруксаты бар, лицензия алып келген атуулдарга жана Беш-Терек, Кара-Дөбө жайлоолорунда элдердин малдары жүргөндүгүнө байланыштуу кекилик ж.б атууга уруксат бербөө жагын карап чыгуу жөнүндө
Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы А.Таштемировдун маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш 26-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы талаа канаттууларына, жан-жаныбарларына атууга уруксаты бар, лицензия алып келген, бирок көрсөтүлгөн жолдордон чыгып кеткен атуулдарга Беш-Терек, Кара-Дөбө жайлоолорунда элдердин малдары жүргөндүгүнө байланыштуу кекилик ж.б атууга жана аңчылык кылууга уруксат берилбесин.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо жана экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияланына тапшырылсын
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |