Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 201
Кыргыз Республикасынын Эсептүү палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы А.Тажиевдин айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын январь айынан 2014-жылдын 31-декабрына чейин чарбалык жана финансалык текшерүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулоо
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептүү палатасынын Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын январь айынан 2014-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта чарбалык жана финансалык текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчилдиктери үчүн айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага эскертүү берилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |