Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 202
Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин мугалимдер жамаатына (23 мугалим) 1(бир) тоннадан көмүр бөлүп берүү жөнүндө мугалимдер жамаатынын каты жөнүндө
Салам-Алик айыл Кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы көпчүлүк депутаттардын маалыматтарын угуп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каражат маселеси тартыштыгына байланыштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатына бир тоннадан көмүр берүү иштери депутаттар тарабынан колдоо таппагандыгы эске алынсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |