Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 203
Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин жылытуу системасына кошумча 238600 (эки жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом акча карап берүү жөнүндөгү «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКнун 2015-жылдын 28-октябрындагы № 09-15 катын кароо
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башкы адиси Р.Сатыбалдыевдин маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнүн натыйжасында Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин жылытуу системасына кошумча 238600(эки жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом акча карап берүү жөнүндө «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКнун 2015-жылдын 28- октябрындагы № 09-15 каты депутаттар тарабынан колдоо таппагандыгы эске алынсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |