Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 204
Ара-Көл, Салам-Алик айылдарына улуттук спорттун түрү болгон улак тартыш оюндары тай казан куру үчүн 50, 0 миң сом бөлүү жөнүндө
Көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл, Салам-Алик айылдарына улуттук спорттун түрү болгон улак тартыш оюндары тай казан куру үчүн 50 (элүү) миң сом бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунуш бюджет комиссиясы карагандан соң кийинки сессияда каралсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |