Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы
2015-жылдын 8-декабры № 205
Көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айыл Кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 26-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратынын капиталдык ремонтуна каражаттын тартыштыгына байланыштуу акча каражаты бөлүнбөсүн.
2. Имараттын капиталдык ремонтунун ордуна жылуулук системасы реконструкциялансын.
3. Өзгөн шаары, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча экологиялык жана техникалык инспекциясына эмгекти коргоону окутуу үчүн келишимдин негизинде 10300-00 сом айыл өкмөтүнүн каралган бюджетинин ичинен которулуп берилсин.
4. Ак-Терек айылына бала бакчанын курлушунун проектисине акча каражатын кароо кийинки сессияда каралсын.
5. Салам-Алик айыл өкмөтү боюнча депутат Шайбеков Ысмайылдын сунушун эске алып, 2016-жылдын март айларынын ичинде жалпы элдик курултай өткөрүлсүн жана анын өткөрүү мөөнөтү кийинки сессияда бекитилсин.
6. Кызыл-Чарба айылына 20 (жыйырма) элкетр столбага, Ак-Терек айылына 7 (жети) столбага акча каражатын бөлүүнү кийинки сессияда каралсын.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Таштемиров |