Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2016-жылдын 13-майы № 27/5
Көк-Жаңгак шаардык эски базардагы 29,0 сотых жер аянты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары шаардын жараны М.Алимбаевдин арызы менен таанышып талкуулап чыгып (V1 чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы эски базардын спорткомплекс куруу үчүн каралган 29,0 сотых жер аянтынын ичинен 4,0 сотых жер тилкеси намазкана куруу үчүн «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин» негизинде арыз эсине бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов |