Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2016-жылдын 13-майы № 27/6
Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эскилиги жетип калган имараты жөнүндө
Кок-Жангак шаардык кеңештин депутаттыры шаардык мэриянын түзүлгөн комиссиясынын 12.05.2016-жылдагы дефект актысы менен жана жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору (башкы врач) Р.Насырованын берген маалыматы менен таанышып талкуулап чыгып шаардык кеңештин депутаттары (V1 чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты эскилиги жетип, авариялык жараксыз абалда болгондуктан, курулуш экологиялык, санитардык-гигиеналык мыйзамдарына, өрткө каршы талаптарга, өзгөчө кырдаал абалында болгондуктан белгиленген тартиптерге жооп бербегендигине байланыштуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты бузууга уруксат берилсин.
2. Жарактуу курулуш материалдары жалпы дарыгерлер практикалык борборунун керегине пайдаланылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Р.Насыровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов |