Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2016-жылдын 13-майы № 27/7
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №11-0 22.01.2016ж. «Барчын» балдар эс алуу борборунун 28,9 га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борборунун 28,9 га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө маселени карап талкуулап (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVII-сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын «Барчын» балдар эс алуу борборунун (пионер лагерь) 28,9 га жер тилкесинин чек аралары жана эс алуу борборунун иш кагаздары (аты-жөнү) такталып мамлекеттик акт алынсын жана өз багытында пайдаланылсын.
2. Көк-Жаңгак «Барчын» балдар эс алуу борборунун жер тилкесин «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинине» жана муниципалдык менчикте турган жер участактарына менчик жана укугун берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө № 571 токтому менен бекитилген типтуу жобого ылайык аткарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов |