Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2016-жылдын 13-майы № 27/8
Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик департаментинин балансында турган МТЗ-82 трактору жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардын мэриясынын кайрылуу катын муниципалдык менчик департаментинин балансында көп жылдан бери иштебей турган капиталдык ремонттон өткөзүүгө муктаж болгон МТЗ-82 тракторун, иштеп турган акыбалы жакшы ЛТЗ-60АВ тракторун шаардык кеңештин депутаттары көрүп, сынап, талкуулап (V1 чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчик департаментинин көп жылдан бери иштебей турган МТЗ-82 тракторун ЛТЗ-60 АВ маркасындагы тракторго Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын негизинде алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана муниципалдык менчик департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу И.Ходжамбердиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеӊешинин төрагасы |
К.У. Курбанов |