Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин V шайланган кезектеги ХIХ сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 19/1
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2017-2018-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кенешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 8090,1 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 7787,6 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин;
2. 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 7963,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин;
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин;
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектериинде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдага тенөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин;
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктураынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 72,8 мин сом өлчөмдө бекитилсин;
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдаргажергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын;
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын;
8. Республикалык бюджеттен тендөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу орггандары жоопкерчилик тартышы белгиленсин;
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын;
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин;
11. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджеттеги боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2016-жылдын 1-январына карата 488,8 мин сом өлчөмүндө белгиленсин;
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айлдык кенештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж. Идрисов |