Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 25-заседаниеси

 

2016-жылдын 17-февралы № 25/6

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт бирикмесиндеги жайыттөлөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт бирикмесинин жетекчиси Ш. Бакмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кенешинин 5 - шайланган кезектеги 25-заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт бирикмесинин жайыт төлөмдөрүн 20 миң (жыйырма миң ) сомго пландалсын.

2. Жайыт төлөмдөрүн чогултуу, аны жакынкы жайытка мыйзамдын негизинде пайдалануу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Ш. Бакмаматовго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиливго жана жер жана көрктөндүрүү муниципалдык чарба боюнча комиссиянын туруктуу курамына милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

З.Эрматов