Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-шайланган кезектеги 25-заседаниеси

 

2016-жылдын 17-февралы № 25/2

СООППВ “Кымыз-Булак” ишканасынын жетекчиси Мамытов Маматтын таза сууга болгон тарифтик төлөмдөрдү бекитүү жөнүндөгү сунушу боюнча

СООППВ “Кымыз-Булак” ишканасынын жетекчиси Мамытов Маматтын таза сууга болгон тарифтик төлөмдөрдү бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кенешинин 5 - шайланган кезектеги 25 - заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Алай айылында таза-сууга болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:

- Үйүндө суу түтүкчөсүн иштеткендер 1жылда 1600сом

- Көчөдөгү суу түтүктөн ташып ичкендер 1жылда 600 сом

- Комерциялык ишканалар 1м3 30 сом

- суу түтүкчөсүнөн там арка жериндеги бактарды сугаргандар Шевелеванын таблицасын негизинде литр куб. менен эсептелип,төлөнсүн.

2. Таза-суу кампанын үстүндө жайгашкан кожолуктарга менчик суу түтүкчөсүн чыгарууга тыюу салынсын.

3. Суу түтүкчөсүн короосунун ичинен чыгарууга уруксат алгандар 10 000сом СООППВ «Кымыз-Булак» эсеп счетуна төксүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу СООППВ «Кымыз-Булак» жетекчиси М.Мамытовго жүктөлсүн,көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдетендирилсин.

 

Жаңы-Алай айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

З.Эрматов