Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы

 

2015-жылдын 21-апрели № 14/7-3

АРИСке долбоорлорду аныктоо боюнча Бирлик айыл аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын 2015-жылдын 21-апрелиндеги токтому бекитилсин

Бирлик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. -Сырт айылынын таза суу долбоору эн жакшы деп табылсын.

 - Сырт айылына спорт зал куруу долбоору жакшы деп табылсын.

 - Кичи-Айдаркен айылынын спорт зал долбоору жактырылсын.

2. Тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси З.Акбалаевге жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Шакиров