БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 14/7-4
Бирлик айылдык аймагынын Жаңы айылдарына “айыл статусун” берүү жөнүндө
(Бирлик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26 - октябрындагы № 14, 2021-жылдын 26 - октябрындагы № 15 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык аймагынын айыл башчылары жаңы калктуу конуштардын жашоочуларынын сунуштарын карап талкуулап, Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылдык аймагынын Сырт айылындагы Жаңы Сырт участкасына төмөнкүдөй “айылдык статус”берилсин.
Жаңы Сырт айылы (Айдаркен Сырт жолунун түштүк жагынан Гороту каналына чейин).
Бирлик айыл аймагынын Жаңы Сырт айылынын 1-2-3-4-5-6 сандуу көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүп төмөнкүдөй Үч Терек,Апсамат Масалиев,Чыңгыз Айтматов,Достук,Кыргызстан,Кош Кашат аттары берилсин.
Бирлик айыл аймагынын Ынтымак айылынын 15-16-17-18-сандуу көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүп төмөнкүдөй Олжош,Эрмек ажы,Варган, Жапар ажы аттары берилсин.
(Бирлик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26 - октябрындагы № 14, 2021-жылдын 26 - октябрындагы № 15 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бирлик айыл аймагынын Варган ,Какыр участкаларын бириктирип төмөнкүдөй “айылдык статус” берилсин.
“Олжош –Варган “айылы ( Какыр Варган участкалары)
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |