БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 14/7-5
Чечме айылынын милициянын таяныч пунктун ачуу жөнүндө
Чек арада жайгашкан Чечме айылына элдин коопсуздугун сактоо,чек арада ар кандай чыр чатактарды болтурбоо максатында милициянын таяныч пунктун ачуу жөнүндөгү маселени карап, талкуулап, Бирлик айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин коопсуздугун сактоо, чек арада ар кандай чыр-чатактарды болтурбоо максатында Чечме айылына милициянын таяныч пукнктун ачууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү жер аянтын ажыратып берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү милициянын таяныч пунктун ачуу үчүн курулуш иштерине жумшалуучу акча каражатын берүүнү караштырсын.
4. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |