Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы

 

2015-жылдын 21-апрели № 14/7-5

Бирлик айылдык аймагынын элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо процессинде 2015-жылга Аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча “биргелешкен аракет планын” (БАП) бекитүү жөнүндө

Бирлик айылдык аймагынын элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо процессинде 2015-жылга аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча “Биргелешкен аракет планын “(БАП) бекитүү жөнүндөү маселени угуп, талкуулап Бирлик айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирлик айылдык аймагынын элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо убагында 2015-жылга аныкталган приоритеттүү көйгөйлөрүн чечүү бонча “Биргелешкен аракет планы”(БАП) бекитилсин.

2. Айылдык аймагынын Биргелешкен аракет планын аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бирлик айылдык аймагынын Биргелешкен аракет планын аткарылышы боюнча отчет берүү жагы 2015-жылдын декабрь айынын жумасына белгиленсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Шакиров