Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 19/1
Бирлик айылдык Өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдинүн 2015-жылдагы аткарган иштери жана 2016-жылга карата аткарылуучу иш пландары жөнүндө
Бирлик айылдык Өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин 2015-жылдагы аткарган иштери жана 2016-жылга карата аткарылуучу иш пландары жөнүндөгү маселени угуп, Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылдык Өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин 2015-жылдагы аткарган иштерине 14(он төрт) депутат-канааттандырарлык эмес, 3(үч) депутат-канааттандырарлык,2(эки) депутат-калыс добуш менен айыл өкмөт башчысы А.Жороевдин 2015-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |