Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 19/7
Бирлик айылдык өкмөтүнүн кээ бир салык түрлөрү боюнча ставкаларын жана коэффиценттери бекитүү тууралуу сунушу жөнүндө
Кадамжай району боюнча мамлекеттик салык кызматынын 2016-жылдын 03-февралындагы айыл чарбасы багытындагы жерлердин салык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү №08-01/166 катына негиз КР Салык кодесинин 337-беренесинин 6-пунктуна,айыл чарбасына жараксыз жерлердин аймактык коэффицентин бекитип берүү жана таштандыларыды чыгаруу жыйымынын ставкасын бекитүү боюнча КР Салык кодексинин 327-беренесинин 1-пунктуна таянып, Бирлик айылдык өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап сунуштардын негизинде Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай району боюнча мамлекеттик салык кызматынын 2016-жылдын 03-февралындагы айыл чарбасы багытындагы жерлерди салык ставкасына өзгөртүү киргизүү №08-01/166 катына негиз, КР Салык337-беренесинин 6-пунктунун негизинде айыл чарба багытындгы жерлердин салык ставкасына 50% жогорулатуу киргизилсин.
2. Айыл аймагындагы субьектилерге, айыл чарбасына жараксыз жерге эсептелүүчү салыктын аймактык коэффиценти КР салык кодексинин 339 беренесинин 1-пунктунун негизинде 1,0 ставкасы боюнча бекитилсин.
3. Айдаркен сымап комбинаты Акционердик коомунун обьектилерине үчүн айыл чарбасына жараксыз жерлердин аймактык коэффиценти 0,7 ставкасы боюнча бекитилсин.
4. КР Салык кодексинин 327-беренесинин 1-пунктунун негизинде 2-топтогу мүлк салыгынын аймактык коэффицентин 1,0 ставка боюнча бекитилсин.
5. Таштанды чыгаруу жыйымы боюнча ар бир кожолуктан 30-сом эсебинде бекитилсин.
6. Бирлик айылдык өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Каримовго токтомду юстициядан бекитүү жагы жүктөлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңеши бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |