Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХХIХ сессиясы
2016-жылдын 8-августу № 29-1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби» жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ат-Башы айыл өкмөтүндө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди, угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби» жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ат-Башы айыл өкмөтүндө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Айдыралиев |