Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-январы № 6
“Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө”
Күн тартибине коюлган маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга,саясий партияларга,коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына жөнөтүлгөн кайрылуусуна негиз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн эл жамааттарынын жалпы жыйналышынын протоколдору бекитилсин.
2. Ноокен аймактык шайлоо комисииясынын курамына жана резервине жаран Сайпидинов Манастын,Базарбай уулу Төлөгөндүн талапкерлиги сунушталсын.Тийиштуу документтерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ноокен райондук бөлүмүнө тапшыруу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Н. Алымкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М. Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |