Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 3
№ 38 А Тургунбаев атындагы орто мектептин кошумча имаратынын максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кагазды айлындагы № 38 орто мектебинин кошумча имараты 1997-жылга чейин Аримжан колхозунун бала бакчасы болгон.1997-жылы айылдагы жашоочулардын суроосуна жана окуучу балдардын саны көбөйүп,кошумча мектеп зарыл болгондугуна байланыштуу № 38 мектептин кошумча имараты катары багытын өзгөртүп,мектеп үчүн пайдаланууга берилген.2015-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен 100 орундуу жаны имараттын капиталдык курулушу башталып,азыркы күндө негизги бөлүктөрү курулуп бүткөндүгүнө байланыштуу ,мурдагы (бала бакчанын) имараты кайрадан максаттуу багытын өзгөртүп айылдык бала бакча үчүн пайдаланууга берилсин .
2. Бул имараттын санитардык абалын жакшыртуу максатында санитардык узелдерди куруу, “Билим берүү макстындагы глобалдык өнөктөштүк” (жүз мектепке чейинки уюм) долбооруна сунушталып, бул имарат бала бакча катары ишке берилсин.
3. Курулуш жумуштары үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 100000 (жүз миң) сом акчалай каражат өздүк салым катары которулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М. Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ү. Исмаилов |