Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 4
Үй чарба жандыктарын жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында эмдөө тарифтерин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үй чарба жандыктарын жугуштуу ооруулардан алдын алуу максатында эмдөө жүргүзүү мезгилинде ар бир жандык үчүн эмдөөгө төмөнкүдөй тарифтери бекитилсин.
-жылкы-70 сом
-ири мүйүздүү мал-50 сом
-кой-20 сом
-ит-150 сом
-тоок-10 сом
-козу-10 сом
-эшек-70 сом
-эчки-20 сом
2. Бекитилген тарифтерди сактоо айыл өкмөттүн ветеринар адиси А Юнусовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысы М Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ү. Исмаилов |