Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-майы № 9
Кара-Кужур айыл аймагына ветеринардык клиника ачуу жѳнүндѳ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кужур айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-2018-жылга чейинки жамааттык башкаруу планына киргизилген экинчи долбоорго ѳзгѳртүү киргизилип атайын техника алуу жагы жылдырылып, ветеринардык клиника куруу долбоору бекитилип АРИС тарабынан каржыланууга сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага | И. Алтымышов |