Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-3
Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасынын Мамитов Позилжон Ажы (Чек) атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасынын Мамитов Позилжон Ажы (Чек) атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон участкасынын Мамитов Позилжон Ажы (Чек) атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 891 759 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |