Редакцияот 04.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 4-марты № 128

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясында:

- IV бөлүмүнүн 4.2-пунктунун төртүнчү абзацы "(г) укуктук тематикада жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде) жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖдордо) түшүндүрүү лекцияларын өткөрүү тажрыйбасын жайылтуу" деген сөздөрдөн кийин "; (д) коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү практикасын киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:

- "Калкты укуктук пропагандалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу" деген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 2.91-пункт менен толукталсын:

"

2.91

  

Өздөрүнүн иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чектеринде коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү

Дайыма

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча калктын билим деңгээлин жогорулатуу

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев