Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 4
Нуржанов айыл аймагынын 2017-2019-жылдын бюджетин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Нуржанов айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-сессиясында Нуржанов айыл аймагынын 2017-2019 жылдын бюджетин ин долбоорун бекитүү боюнча Нуржанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нуржанов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү боюнча 2017-ж 6403,3 миң.сом, 2018-ж 6534,8 миң сом, 2019-ж 6633,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Нуржанов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдардагы бюджетинин долбоорун киреше булагы № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Нуржанов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдардагы бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү белгиленип бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык аймактык кеңешинин “Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы нуржанов айылдык кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымы:
| Р.Жееналиева |