Редакцияот 01.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-июлу № 6

Өнүгүү фондусунан Нуржанов айылдык аймагына түшкөн акча каражатын кайсыл жакка жумшоо жана сарптоо жөнүндө

Депутаттардын Нуржанов айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 2016-жылдын кезектеги 5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өнүгүү фондусунан Нуржанов айылдык аймагына бөлүнгөн акча төмөндөгүдөй курулуш обьектилерге жумшалсын;

-Жон-Арык айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасынын тегерегин курчоо жана жылытуу системасын ишке киргизүү;

-Жон-Арык айылына жаштар үчүн мини футбольный аянтча курулсун;

-Көк-Токой айылына жаштар үчүн мини футбольный аянтча курулсун;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Бегалиевге милдеттендирилсин;

 

Төрайымы:

 

Р.Жееналиева