Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-10
Ноокат шаарынын С.Алимбаев, Ленин атындагы көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жана Кара-Турпак участкасынын Хожам-Кары атындагы көчөрүн жарыктандыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын С.Алимбаев жана Ленин атындагы көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жарыктандыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 3112-беренесине 168 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ноокат шаарынын Хожам-Кары атындагы көчөсүн жарыктандыруу үчүн 706 бөлүмдүн 3111-беренесинин эсебинен 3112-беренесине 118 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |