Редакцияот 02.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы

 

2016-жылдын 2-августу № XXXVII-15

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебине кошумча пластик айнек үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын А.Абдуллаев атындагы орто мектебине кошумча пластик айнек үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын А.Абдуллаев атындагы орто мектебине кошумча пластик айнек үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмдүн 3111-беренесинин эсебинен 709 бөлүмдүн 3111-беренесине жылдырып, 60 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.Гафаров