Редакцияот 09.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Терек айылдык кеңешинин II кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 9-июну № II/2

Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2017-2019-жылга карата бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү” мыйзамына ылайык жана Терек айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетованын билдирүүсүн угап жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоору 2017-жылга – 4120,0 миң сом, 2018- жылга 4211,7 миң сом, 2019-жылга 5519,2 миң сомго бекитилсин (тиркеме 9 баракта тиркелет.

2. Терек айыл ѳкмѳтү дотацияда тургандыктан, ѳкмѳттүн аймагындагы мектеп, бала бакча жана башка бюджеттик мекемелерди коммуналдык жактан тейлѳѳдѳ жана башка чыгымдар үчүн, Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндѳгү мыйзамда республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн теңдештирилген гранттын, айыл ѳкмѳтүнүн керектѳѳсүнѳ жетишсиз болгондугуна байланыштуу кошумча акча каражатын караштырып, бѳлүп берүүнү Ак-Талаа райондук финансы бѳлүмүнѳн жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен суралсын.

 

Тѳрага:

М.Садыров