Редакцияот 22.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 22-январы № 06

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезектүү сессиясында КР нын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 токтомунун 6-пунктуна ылайык токтомдорду кыргыз тилинде чыгаруу үчүн токтом чыгаруу жөнүндө Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезектүү сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Дөбө айыл аймагынын токтомдору КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 токтомунун 6-пунктуна ылайык . Ак-Дөбө айылдык кеңешинин жана Ак-Дөбө айыл аймагынын токтомдору кыргыз тилинде чыгарылсын.

2. Токтомдун аткаруу жагы Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ө.Батырбековго жүктөлсүн

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ак-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Джанчикулов