Редакцияот 22.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 22-апрели № 9

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 2016-жылдын II кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Атканов Алымбектин, “Башкы мыйзамыбыз Конституциянын жана башка мыйзамдардын талаптарына ылайык” Акчал уулу Дүйшөн, Күрөң уулу Шаршенбай атындагы мекетептерге жана “Ак-Дөбө”, “Гулзар” бала бакчаларына электро энергия төлөмүн кароо жөнүндө сунушун угуп. Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, Эл депутатарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Башкы мыйзамыбыз Конституциянын жана башка мыйзамдардын талаптарына ылайык Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Акчал уулу Дүйшөн, Күрөң уулу Шаршенбай атындагы мектептеринин жана Ак-Дөбө, Гулзар бала бакчаларынын электро энергия төлөмүн Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен эмес, Республикалык бюджеттен каржылоо жагы суралсын.

2. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ө.Батырбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам .

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ак-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Джанчикулов