БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 19-марты № 04
Намаздык-Ата жайыт бирикмесинин иш-чараларын бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мал-жандыктарынын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, мал жандыктарына өз убагында эмдөө жүргүзүүнү колго алуу жана 2016-2018-жылдарга карата иш-чаралар планын бекитүү максатында жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXVII–сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Намаздык -ата” жайыт комитетинин “Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү” боюнча жамааттык иш-чаралар планын 2016-2018-жылдарга карата даярдап бекитүү жагы М. Джолдошовко милдеттендирилсин.
2. М. Джолдошовтун 1-тиркемеге ылайык даярдаган 2016-2018-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |
| «Бекитилди» Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2-март 2016-жылдагы чогулушунун _______ токтому менен бекитилди |
«Намаздык-Ата» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2018-жылга карата түзүлгөн ИШ-ПЛАНЫ
№ | Аткарулуучу иштердин мазмууну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айытка болгон төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо менен бирге мал башына төлөнүүчү жайыт акылырын иштеп чыгуу жана аларды өндүрүү | Март | Жайыт комитети |
2 | Жайыттарды жайыт пайдалануучуларга бөлүштүрүп жана Бүргөндү айыл аймагындагы жашаган тургундардын мал, койлорунун санын аныктоо жана жайыттарга жайгаштыруу, жайыт билет берүү | Апрель | Жайыт комитети |
3 | Жайытттардагы зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү | Март , апрель | Жайыт комитети тиешелүү адистер менен |
4 | Жайыттарга баруучу жолдорду тактоо жана Майлуу-Суу шаарынын аймагынан малдарды айдап өтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жана келишимдерди жүргүзүү, анын графиктерин иштеп чыгуу | Апрель | Жайыт комитети |
5 | Жайыттарга болгон төлөмдөрдү өндүрүү максатында Майлуу-Суу өрөөнүнө малдардын санын тактоо үчүн атайын пост уюштуруу. | Май | Жайыт комитети |
6 | Улуу жайлоолорго алып баруучу чоң жолдорду лесхоздор менен бирге сүрдүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүү, абалын көзөмөл кылуу | Апрель май | Жайыт комитети |
7 | Жайыттарга баруучу жолдорду сүрдүрүп оңдоо |
| Жайыт комитети |
8 | Санитардык, ветеринариялык жана өрт коопсуздуктарынын сакталышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Жайыт комитети |
9 | Малчылардын жайыттардан көчүп келүүсүнө шарт түзүү жана жакшы жайыттарга жайгаштыруу | Апрель май | Жайыт комитети |
10 | Таш-Көмүр шаарына караштуу Келиш жайлоосуна көчүп баратканда жана көчүп келүүдө жол кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн атайын эс алуучу жай куруу (навес) | Жыл ичи | Жайыт комитети |
11 | 2015-жылдын жана 2016-жылдын 1-июлуна чейин жайыт бирикмесинин финансылык чарбалык иштерин текшерүү | июнь | Жайыт комитети |
12 | АРИС долбоору менен тыгыз байланышта болуп ветеринардык сервис куруу | Жыл ичи | Жайыт комитети |
Жайыт бирикмесинин төрагасы: | М.Джолдошов |