ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2016-жылдын 5-февралы № 6
Салык төлөмдөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагында өз ара салыгы менен таштанды салыгы мындан ары таштанды салыгы деп аталсын жана өлчөмү 35 (отуз беш) сом болуп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айылдык аймагынын улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |