Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 2/2
Жекенди айылдык кеңешинин № 16/8 24-февраль 2016-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык кеңешинин № 16/8 24-февраль 2016-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Жекенди айылдык аймагында жайыт комитетинин 2016-жылдага бюджети 375 492 (үч жүз жетимиш беш миң төрт жүз токсон эки) сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Жекенди айылдык аймагында жайыт комитетинин 2016-жылдага бюджети 375 492 (үч жүз жетимиш беш миң төрт жүз токсон эки) сом төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн.
- салык төлөмүнө 105 875 сом
-Чон-Алай токойчулугуна 25 000 сом
-Эмгек акыга 126 800 сом
-соцфондго 21 873 сом
-подоход төлөмү 5 200 сом
-сапар чыгымы 6 600 сом
-конс.товарлар 2 000 сом
-башка чыгымдар 61 000 сом
-жолдорду сүрдүрүү 22 244 сом
4. Жекенди айылдык аймагынын жайыт комитетинин эсепчиси болуп Ташматов Тажакмат бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Нишанбаевге жүктөлүп, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго, жайыт комитетинин төрагасы А.Бековго милдеттендирилсин.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |