Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын заседаниеси
2016-жылдын 2-августу № 4/3
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Чон-Алай райондук статистика бөлүмү тарабынан Жекенди айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмууну менен таанышып жана талкуулап
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Чон-Алай райондук статистика бөлүмү менен Жекенди айылдык аймагынын ортосунда түзүлгөн Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликүү башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү 26-июль 2016-жылдагы келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Нишанбаевге жүктөлсүн.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |