Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 2-августу № 4/4
Жекенди айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги ОсОО “Аньбанк” нефт – газ компаниясы тарабынан лицензияны кармоо үчүн чегерилген 506,0 миң сом акча каражатын 2016 – жылдын III кварталына кошумча план кошуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен суралсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын киреше жагынын кошумча акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
Аппарат.
Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит айылына таза суу куруу үчүн өздүк салымына 158,9 миң сом
Жекенди айыл аймагынын кенсесине инвентар үчүн – 61,1 миң сом
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасына компенсация төлөө үчүн 31,3 миң сом
Ар түрдүү чыгымга - 4,7 сом
Бардыгы: 256,0 миң сом.
Мектеп
- Кыргызстан орто мектебинин ашканасына 150,0 миң сом
Балдар бакчасы
- Чулук балдар бакчасына инвентар алуу үчүн 100,0 миң сом
Жалпы: 506,0 миң сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |