БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 19-марты № 5
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мал-жандыктарынын асыл тукумдуулугун жогорулатуучу жана эмдөөчү бөлүмүн ачуу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мал-жандыктарынын асыл тукумдуулугун жогорулатуучу жана эмдөөчү бөлүмүн ачуу зарылдыгы тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовдун жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Мал-жандыктарынын асыл тукумдуулугун жогорулатуу жана ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы, өз убагында эмдөө жүргүзүү максатында Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Жүзүм-Бак көчөсүндөгү Бүргөндү электр тармактар ишканасынын жанында жайгашкан подстанциянын түштүк тарабында бош жаткан ички жолдун жээгиндеги айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган 700,0 кв м жер аянты ветеринардык сервис куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылып берилген жер аянтынын Юридикалык жана Архитектуралык документтерин даярдоого көмөк көрсөтүү жагы айыл Өкмөттүн башчысынын орун басары Б.Кубатовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |