Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 2
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнөндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э.Маматаевтин 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнөндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Э.Маматаевтин 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери боюнча төмөндөгүлөр 2016-жылы бүткөрүлүүсү берилсин:
- Жергиликтүү тургундардын электр энергияны пайдалангандыгы үчүн райондук РЭСке төккөн төлөмдөрүнөн 2%ти айыл өкмөттүн бюджетине түшүрүлсүн;
- Аймактык оорукананын учурдагы жер аянтын трансформацялоо боюнча тиешелүү документтери бүткөрүлсүн;
- Маданият үйүнө статус алып берүү боюнча иш аракеттер көрүлсүн;
- “Келечек” каналынын жерин трансформацялоо иштерин бүткөрүү жагы колго алынсын;
- Калктын аярлуу катмары менен иш алып барууну жакшыртуу, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө аяр мамиле жасоо менен, мүмкүн болушунча жөлөк пүл алуучуларга көмөк көрсөтүүнү колго алуу;
- КРнын Бажы союзуна киргендигине байланыштуу дыйкан, фермерлердин айыл чарба продукцияларын чет өлкөлөргө экспорт кылууда жакындан колдоо көрсөтүүнү колго алуу;
- Дыйкан, фермер чарбаларды үзгүлтүксүз эгин суу менен камсыз кылууну колго алуу;
- 2016-жылга ички- тышкы инвестицияларды тартуу менен курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана курулуш иштерин толугу менен бүткөрүү жагы милдеттендирилсин;
3. Жогорудагы сын-пикирлерди эске алуу менен айыл өкмөт башчысы Э.Маматаевтин 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнөндөгү маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары А.Расуловко, А.Толубаевке, Т.Асанбаевке жана О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |