Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 11
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү тургундардан жардам сурап жазган кайрылуулары жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү тургундардан ден-соолугуна жана турмуш шартына байланыштуу акча каражатынан жардам берүү жөнүндө жазып кайрылган кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя айылынын тургуну Кадыркулова Нурзаданын 25.03.2016-жылы материалдык жардам сурап жазган арызы, Низамиддинов Осмонжандын 30 000 (отуз мин) сом сурап жазган арызы, Назарбеков Алмазбектин материалдык жардам сурап жазган арызы, №20 Матмуас орто мектебинин директору А.Толубаевтин шахмат оюну боюнча 2 окуучунун сапар чыгымын толоп берүү тууралуу жазган арызы, Ноокен райондук агрооноржай комплексинин жана айылчарбасынын муниципиалдык кызматкерлеринин прфсоюз комитетинин төрагасы А.Эгембердиевтин «Достук» балдар эс алуу борборуна 7000 (жети мин) сом акча каражатын сурап жазган каты боюнча, Жаны-Жол айылынын тургуну Тургунбаева Салимакандын 25 000(жыйырма беш мин) сом сурап жазган кайрылуусу жана Кызыл-Кыя айылынын тургуну Нарбаева Ултажинин акча каражатын сурап жазган кайрылуусу, Курама айылынын тургуну Маткаримова Гулруксорадан келген арызы, Айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери З.Каримовтун, А.Каракожоевтин, Г.Исабекованын, М.Осмоновтун жана Э.Сопиевтердин бирден комплект компьютер алып берүү жөнүндө жазган кайрылуулары эске алынсын.
2. 2016-жылга бюджеттин долбоору бекитилип калгандыгына байланыштуу арыз ээлерине жазуу түрүндө маалымат берүү жагы айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |