Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 12
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Баңги участкасында үлүш жер пайдалануучу 22 атуулдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Баңги участкасында үлүш жер пайдалануучу 22 атуулдун кайрылуусу боюнча Э.Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Баңги участкасында үлүш жер пайдалануучу 22 атуулдун кайрылуусу жана Э. Маматаевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Беш-Баңги участкасында үлүш жер пайдалануучу 22 атуулдун кайрылуусунда айтылган суу маселеси боюнча “Жаңы-Арык СА СПАсынын” жетекчиси М. Мамажанов жана Э.Маматаев тийиштүү адистер менен биргеликте жеринде карап мыйзам чегинде чечип берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |